Редакцияот 09.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 9-июну № 563-V

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2008-жылдын 19-декабрындагы № 701 токтом) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- Жалал-Абад жана Баткен областтарында эркин экономикалык зоналарды түзүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү;

- эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан ырасталган толук бажы контролунун мүмкүнчүлүгү болсо, атайын тосмолорду карабаган өзгөчө шарттарды колдонуу боюнча маселени чечүү.

 

Төрага

А.Келдибеков