Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-июну № 567-V
2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө
2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. 2010-жылдын июнунда болуп өткөн улуттар ортосундагы чыр-чатактар учурунда эл аралык укуктун жобосуна ылайык Кыргыз Республикасындагы геноцид, согуш кылмышы, адамгерчиликке (адамзатка) каршы кылмыш фактылары болбогондугу белгиленсин.
3. 2010-жылдын апрель-июнундагы кайгылуу окуялардын жагдайларын иликтөө жана изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти К.С.Бакиев, мурдагы Премьер-министри Д.Т.Үсөнов, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Ж.С.Бакиев, ЦАРИИнин жетекчиси М.К.Бакиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын кеңешчиси М.С.Бакиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Секретариатынын жетекчилери К.Т.Жороев жана О.А.Малеваная элдерди жакырчылыкка жана мамлекеттин начарлашына алып келген жана оор кесепеттерге кабылткан, 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги жана май-июнундагы кайгылуу окуялардын себептеринин бири болгон элге каршы сырткы жана ички саясаттары үчүн саясий жоопкерчилик тартышат.
4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрү улуттар ортосундагы кагылышууну болтурбай кое алышпагандыктары үчүн саясий жоопкерчилик тартышат.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти К.С.Бакиевдин, мурдагы Премьер-министри Д.Т.Үсөновдун, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылууга жооптуу болушкан Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Ж.С.Бакиевдин, ЦАРИИнин жетекчиси М.К.Бакиевдин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын кеңешчиси М.С.Бакиевдин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Секретариатынын жетекчилери К.Т.Жороевдин жана О.А.Малеванаянын аракеттерине кызматтык ыйгарым укуктарын ашыра пайдалангандыктарынын, түздөн-түз кызматтык милдеттерин аткаруудан өзүн өзү четтеткендиктеринин жана 2010-жылдын май-июнундагы кайгылуу окуялардын себептеринин бири болгон, 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги жалпы улуттук каршылык көрсөтүүгө алып келген аракетсиздигинин фактылары боюнча укуктук баа берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 2010-жылдын июнундагы окуялар учурунда улуттар ортосундагы кагылышууну болтурбай кое алышпагандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн аракеттерине укуктук баа берүү тапшырылсын.
7. Белгиленген мезгилде улуттук жана сепаратисттик аракеттерге катыштыгы бар адамдар катары, Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында 2010-жылдын май-июнундагы кайгылуу окуялардын негизги уюштуруучулары жана күнөөкөрлөрү К.Батыров, И.Абдурасулов, Ж.Салахудинов, К.Абдуллаева, О.Караматов, М.Абакджанов, Х.Худайбердиев, Ж.Мирзаходжаев, У.Абдусаламов, А.Акбаров болушкан деп эсептелинсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентине жана Өкмөтүнө Жалал-Абад областынын губернатору Б.Асановду ээлеген кызматынан бошотуу сунушталсын.
9. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы төмөндөгү кызмат адамдарынын 2010-жылдын апрель-июнь окуяларынын мезгилиндеги иштерине укуктук баа берсин:
- Н.Турсункуловдун (Кыргыз Республикасынын мурдагы Башкы прокурору);
- Б.Ибраевдин (Кыргыз Республикасынын мурдагы Башкы прокурору);
- К.Асангельдиевдин (Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы орун басары);
- Р.Бактыбаевдин (Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы биринчи орун басары);
- М.Кошоевдин (Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы орун басары - Аскер прокурору);
- А.Турганбаевдин (Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун мурдагы орун басары - Аскер прокурору);
- К.Байболовдун (Жалал-Абад областынын коменданты);
- Б.Табалдиевдин (Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүм башчысы);
- Б.Асановдун (Жалал-Абад областынын губернатору);
- Б.Алымбековдун (Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары);
- С.Өмүрзаковдун (Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары);
- К.Мусаевдин (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары);
- М.Бекеновдун (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары);
- Алмаматов Т. (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары);
- С.Терещенконун (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары);
- Р.Мамасадыковдун (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары);
- С.Курманалиевдин (Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары);
- Ж.Азизовдун (Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары);
- Т.Исаевдин (Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары);
- К.Кыязовдун (Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын мурдагы начальниги);
- К.Матеновдун (Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы);
- Ч.Турусбековдун (Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары);
- Б.Нишановдун (Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын начальниги);
- А.Капаровдун (Ош областынын Ички иштер башкармалыгынын начальниги);
- С.Бакировдун (Жалал-Абад областынын Ички иштер башкармалыгынын начальниги), ошондой эле Жалал-Абад, Майлуу-Суу шаарларынын, Базар-Коргон, Сузак, Кара-Суу, Араван, Ала-Бука, Аламүдүн райондорунун шаардык, райондук мамлекеттик администрацияларынын, Чүй, Талас областтарынын мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад областтарынын прокуратураларынын жетекчилеринин, ички иштер башкармалыгынын жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын башкармалыгынын начальниктеринин, Ош областынын мамлекеттик администрациясынын жетекчилеринин жана Ош шаарынын мэринин. Мында Ош шаарынын мэри М.Ж.Мырзакматовдун жана Ош областынын губернатору С.Ш.Жээнбековдун оң аракеттери эске алынсын (М.Суталиновго жана М.Конгантиевге карата кылмыш иштери бар).
10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти К.С.Бакиевди, ошондой эле анын балдары Марат жана Максим Бакиевдерди, Кыргыз Республикасынын мурдагы Премьер-министри Д.Т.Үсөновду, Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын мурдагы башчысы О.А.Малеванаяны, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мурдагы жетекчиси К.Т.Жороевди, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрагасы Ж.С.Бакиевди, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы М.А.Суталиновду издөө, кармоо жана республикага алып келүү боюнча баарын камтыган чараларды көрсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- 2010-жылдын апрель-июнундагы фактылар жана окуялар боюнча козголгон кылмыш иштерин, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдарды издөө боюнча териштирүүнүн жүрүшүн жана сапатын контролдоону өзүнө алсын;
- тергөөдөн качып жүрүшкөн К.Батыровду, К.Абдуллаеваны, И.Абдурасуловду, Ж.Салахудиновду, О.Караматовду, М.Абакджановду, Х.Худайбердиевди, Ж.Мирзаходжаевди, У.Абдусаламовду, А.Акбаровду издөө, кармоо жана республикага алып келүү боюнча баарын камтыган иштиктүү чараларды кабыл алсын;
- 2010-жылдын апрель-июнундагы окуялар мезгилинде Кыргыз Республикасында автономия түзүү боюнча чараларды мыйзамдаштырууга багытталган А.Сабировдун аракеттерин карасын жана юридикалык баа берсин.
12. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- "Азия Универсал Банк", "Манас банк", "Бакай банк" банктарынан акчаларды алуу жана аларды Кыргыз Республиканын Улуттук банкында жооптуу сактоого өткөрүү шарттары боюнча, ошондой эле алынган акчаларды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн министрликтеринин, ведомстволорунун, кызмат адамдарынын жана областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын ортосунда бөлүштүрүү фактысы боюнча териштирүү ишин аяктасын;
- натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
13. Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү тарабынан төмөндөгү чаралар кабыл алынсын:
- чогуу жашоонун жана келечекке карай умтулуунун жалпы мүдөөлөрүн, калыптанып калган моралдык жана маданий дөөлөт-баалуулуктарды тааныган, мыйзамдарды сактаган жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин болушунча кыйла толук камсыз кылуу максатында улут саясатын жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча;
- республикадагы бийликтин бардык бутактарында жана деңгээлдеринде улут саясатын жүзөгө ашырууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык мамилелерди шайкеш келтирүүгө багытталган иш-аракеттерин координациялоо, Кыргыз Республикасын эгемен жана ыкчам өнүккөн заманбап мамлекет катары сактоо боюнча;
- этностук таандуулугуна көз карандысыз түрдө жарандарды укуктук жактан иш жүзүндө коргоону камсыз кылуу, этностор ортосундагы касташууну жана сепаратизмди тутандыргандык, этностук жана тилдик белгилерге таянып вандализм, бузуп-талкалоочулук, талап-тоноочулук актыларын жасоого көкүткөндүк жана бул жагдайда жарандардын укуктарын бузгандык үчүн тийиштүү жоопкерчиликке тартууну камсыз кылуу боюнча;
- этностор аралык мамилелерди саясатташтырууга, аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн жана эгемендигин бузуп-жарууга багытталган коомдук-саясий кырдаалды курчутуу максатында пайдаланууга жол бербөө боюнча;
- мамлекеттик кадр саясатын кесипкөйлүк жана компетенттүүлүк критерийлерине, өлкөнү өнүктүрүүнүн идеалдарына берилгендик жана алар үчүн жоопкерчилик ой-сезимдерине негизденип жүргүзүү, этностук, диний, мүлктүк, региондук жана бөлөк белгилер боюнча ар кандай басмырлоону четтетүү боюнча;
- этностор ортосундагы мамилелерди өркүндөтүү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, этностук жана диний негиздеги чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алуу жана ачып көрсөтүү, аларды саясий күрөштө пайдаланууга жол бербөө боюнча;
- толеранттуулуктун жана маданий көп түрдүүлүктүн негизинде Кыргыз Республикасында тынчтыкта жана зомбулуксуз жашоо маданиятын калыптандыруу процессине саясий партияларды, коомдук уюмдарды, этномаданий борборлорду, салттуу конфессиялык бирикмелерди мамлекеттик органдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү аркылуу тартуу боюнча;
- региондорду өнүктүрүүгө, жумуштуулукту камсыз кылууга, калктын сатып алуучулук мүмкүнчүлүгүн жана жашоо деңгээлин жогорулатууга, ишкердик активдүүлүктү көтөрүүгө, инвестицияларды көбөйтүүгө багытталган улуттук долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча;
- өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук турмушунун бардык чөйрөлөрүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын өз эне тилинде билим жана маалымат алууга укугун камсыз кылуу ишине балансталган мамиле жасоо боюнча;
- мамлекеттик, муниципалдык, илимий-билим берүү мекемелеринде, коомдук жана башка уюмдарда, жалпы улуттук медиа айдыңда Кыргыз Республикасында жашаган бардык этностордун мамлекеттик тилди кеңири колдонуусуна укуктук көмөк көрсөтүүнү жана турмуштук жүйө түзүүнү камсыз кылуу боюнча;
- өз кызматтык милдеттерин аткаруу жана калк менен иштешүү үчүн мамлекеттик тилди билүүнүн мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамда белгиленген минимумуна ээ болуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге жана башка адамдарга мамлекеттик тилди окутуу үчүн жогорку окуу жайлардагы жана башка мекемелердеги, анын ичинде жеке менчиктеги мекемелердеги окуу борборлорунун тармагын шаарлардын жана райондордун деңгээлинде кеңейтүү боюнча;
- этностук-маданий коомдук бирикмелердин кудурет-күчүн ишке салуу, пайдалануу, аларды түзүүнүн жана иш-аракетин уюштуруунун укуктук негиздерин аныктоо, кайсы болбосун этностук топтогу адамдардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келбеген улуттук-маданий өнүгүү формаларын жана жолдорун тандап алышын кепилдөө боюнча.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Өзгөчө кырдаал шарттарындагы коопсуздук концепциясы ("Коопсуздуктун кризистик концепциясы") иштелип чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин, анда реалдуу кооптуулуктардын бардык түрлөрү, ошондой эле алардын алдын алууга жана нейтралдаштырууга багытталган мамлекеттик чаралар чагылдырылууга тийиш.
15. Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү тарабынан өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер министрлигинин, прокуратура жана сот системасынын органдарын реформалоо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлсүн.
16. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскердик бөлүктөрүндө жана аймактык органдарында курал-жарактарды, ок-дарыларды, аскердик техниканы жана башка мүлктөрдү басып алуунун жана тартып алуунун фактылары боюнча териштирүү ишин жүргүзсүн;
- министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин, ошондой эле жогорудагыдай фактыларга жол берген аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмчөлөрүнүн түздөн-түз командирлеринин жоопкерчилигин аныктасын;
- аскер объектилерин, курал-жарактарды жана аскер техникаларын басып алууну түздөн-түз уюштурган жана катыштыгы бар адамдарды издеп тапсын жана жоопкерчиликке тартсын.
17. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын прокурорлорунун, Сузак, Кара-Суу, Базар-Коргон, Араван, Ала-Бука райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй областтарынын прокурорлорунун 2010-жылдын апрель-июнундагы фактыларга жана окуяларга прокурордук реакция жасоо боюнча жеке жоопкерчилигин карасын.
18. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөндөгүлөр сунушталсын:
- 2010-жылдын июнь окуяларына байланыштуу кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталган адамдардын кылмыш-жазык иштери боюнча соттук териштирүүлөрдү толук ачык жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- соттук отурумдар залына соттолуучулардын туугандарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн кире алышын камсыз кылсын.
19. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна Бишкек шаарынын сотунда, Бишкек шаарындагы Биринчи май, Свердлов, Октябрь, Ленин райондорунун сотторунда, Аламүдүн районунун, Чүй, Талас областтарынын сотторунда, Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын, Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарларынын, ошондой эле Сузак, Базар-Коргон, Кара-Суу жана Араван райондорунун сотторунда 2010-жылдын апрель-июнундагы окуяларга катыштыгы бар адамдарга карата козголгон кылмыш-жазык иштерин кароонун жыйынтыктарын, айрыкча чектөө чарасын өзгөртүү жагдайларын жана соттук башаламандыкты талдоого алсын.
20. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Өкмөтү улуттар ортосундагы каршылашууну, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу көкүтүүгө жол бербөө боюнча көзөмөлдү жана контролдоону күчөтсүн.
21. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Жогорку соту кылмыш-жазык иштерин тергөөнүн жана аларды соттук инстанцияларда кароонун жыйынтыктары боюнча 2010-жылдын май-июнундагы массалык тартипсиздиктердин жана улуттар аралык кагылыштардын лидерлерине, жигердүү катышуучуларына жана уюштуруучуларына таандык мүлктөрдү мамлекеттин кирешесине чегерүү мүмкүндүгүн карасын.
22. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Ички иштер министрлиги козголгон кылмыш иштеринин чектеринде "Час шакала" китебинин (2 том) жана видеодисктеринин авторлорун, чыгаруучуларын жана таратуучуларын аныктоо жана ким экенин билүү боюнча чараларды көрсүн.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгү маселелерди карасын:
- Кыргыз Республикасынын айрым министрликтерин жана ведомстволорун Ош шаарына көчүрүү жөнүндө:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясын - Кыргыз Республикасынын Президентинин туруктуу турган ордун;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин;
- Наркотиктерди көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикти;
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук агенттигин;
- Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин орто мектебин ачуу жөнүндө.
24. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын мектептеринде окутулуучу окуу сабактарынын тизмегин иштеп чыксын. Окуу китептеринин тизмесин жана алардын мазмунун иштеп чыксын жана бекитсин. Министрлик Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институту менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мектептеринде окутулуучу Кыргызстандын тарыхы окуу китебин кайра иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын мектептеринде кыргыз тилин окутуу боюнча сааттардын санын көбөйтүү жагын карасын.
25. Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү балансталган кадр саясатын бекем камсыз кылсын. Сотторду тандоо боюнча кеңеш, Мамлекеттик кадр кызматы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери, республиканын мамлекеттик бийлигинин жергиликтүү органдары кадрлардын резервин даярдоодо жана толуктоодо кызматка талапкерлердин жекече, моралдык-адептик жана кесипкөйлүк сапаттарын жана алардын мамлекеттик тилди билишин эсепке алуу менен бир катарда калктын көп этностуу курамын эске алуу жагын бекем кармансын.
26. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери, Судьялар кеңеши жана Судьяларды тандоо боюнча кеңеши жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы, Бакиевдердин үй-бүлөлүк-кландык режимине кызмат кылышкан кызматкерлерди бошотуу боюнча баарын камтыган иштиктүү чараларды кабыл алсын.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү укук коргоо органдарынын жана негизги күч структураларынын курамында (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги жана башкалар) иштеп жаткан штаттык бирдиктердин чектеринде, кризистердин жана чыр-чатактардын шарттарында алардын ишин камсыз кылууга жана "Өзгөчө кырдаал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын укуктук жоболорун жүзөгө ашырууга багытталган атайын түзүмчөлөрдү (звенолорду) түзсүн.
28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө кырдаал жана операция жүргүзүү зоналарындагы аскердик-администрациялык органдардын (комендатуралардын) жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин биргелешкен ыкчам штабдарынын укуктук статусун жана иштөө механизмин иштеп чыксын.
29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2010-жылдын апрель-июнь окуяларынын убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактарга келтирилген моралдык жана материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча жеткиликтүү чараларды кабыл алсын;
- Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак районунун Сампа аймагында жана республиканын башка калктуу пункттарында 2010-жылдын апрель-июнундагы кайгылуу окуялардын курмандыктарына эстелик орноотуу жөнүндөгү маселени чечсин.
30. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Юстиция министрлиги, Башкы прокуратурасы:
- улуттук жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жарыялоого жол бербөө боюнча мамлекеттик басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Кыргыз Республикасынын түштүк регионунун маалымат айдыңына өзгөчө көңүл бурулсун, анын материалдык-техникалык базасы бекемделип, коммуникациялык мүмкүнчүлүгү кеңейтилсин;
- Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын түштүк филиалын ачуу тууралуу маселени карасын;
- республиканын маалымат айдыңында Фергана.ру. сайтын блокировкалоо боюнча чараларды кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жана ЭлТР каналдарында этностордун ортосундагы жана конфессиялардын ортосундагы диалогду бекемдөөгө багытталган программалар туруктуу берилсин.
31. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелерин улуттук белгиси боюнча (алардын менчигинин түрүнө карабастан) бөлүү практикасын токтотсун.
32. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бардык диний уюмдардын, анын ичинде диний секталардын тийиштүү эсебин жүргүзсүн.
33. Жергиликтүү бийлик органдары мындан ары ар түрдүү улуттагы жарандардын аралаш жашаган жерлериндеги, анын ичинде чыр-чатак болуп өткөн зоналарда моноулуттук жаңы конуштарын, микрорайондорду, кварталдарды жана турак жай массивдерин курууга жол бербесин.
34. 2010-жылдын апрель-июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө жана аларга саясий баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия өз иши жөнүндө отчетту улуттар ортосундагы чыр-чатакты козуткан адамдарга жана мындай чыр-чатакка жол берген жана анын оор кесепеттеринин алдын ала албаган кызмат адамдарына карата тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жана убактылуу депутаттык комиссиянын отчетун талкуулоо учурунда белгилүү болгон, 2010-жылдын 7-апрелинде бейкүнөө жарандарды атууда күнөөлүү жооптуу адамдарды табуу жана кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн кошумча иликтөө жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берсин.
35. Ушул токтомдун аткаруу мөөнөтү 3 ай деп белгиленсин, анын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана бардык комитеттерине жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков |