Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-июну № 569-V
"Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2010-жылдын 2-декабрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарын жана товарларды трансчегаралык ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 12-апрелиндеги № 153 токтом) "Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2010-жылдын 2-декабрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарын жана товарларды трансчегаралык ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республнкасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Б.Төрөбаев |