Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-июну № 573-V
"Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2010-жылдын 28-январындагы № 39 токтом) "Женева шаарында 1970-жылдын 1-сентябрында түзүлгөн Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын эл аралык ташуулар жөнүндө жана бул ташууларга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашууга (СПС) Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Б.Төрөбаев |