Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-июну № 584-V
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерин жана талаптарын жөнгө салуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 29-апрелиндеги № 197 токтом) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерин жана талаптарын жөнгө салуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Б.Төрөбаев |