Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-июну № 590-V
"2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган Мамлекеттер ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктун жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 3-майындагы № 203 токтом) "2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган Мамлекеттер ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу жана автордук укуктун жана чектеш укуктардын улуттук маалыматтар базасын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары |
Б.Төрөбаев |