Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-июну № 604-V
"Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан биринчи окууда кабыл алынган жана депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу, К.А.Талиева жана Т.В.Левина тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына жана 2011-жылды Курманжан Датка жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун эске алуу менен Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна экинчи окууда киргизилген "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (демилгечилер - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Иманалиев, А.Т.Алтыбаева жана Д.А.Ниязалиева, Г.А.Скрипкина, Т.Мадылбеков, А.Ш.Жээнбеков) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан киргизилген "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары |
Б.Төрөбаев |