Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 630-V
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 3-июнундагы № 344 токтом) "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (И.П.Исаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага |
А.Келдибеков |