Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 651-V
Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын спортко эмгек сиңирген чебери Раатбек Кылычбекович Санатбаев "А" категориясындагы "Гран-при" эл аралык турниринин 12 жолку жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын 10 жолку чемпиону болуп саналып, Кыргыз Республикасынын XX кылымдын грекрим стилинин эң мыкты күрөшчүсү деп таанылган. Спорттогу ийгиликтери үчүн ал "Даңк" медалы, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпия комитетинин ордени, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Р.К.Санатбаев Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын лауреаты, Азиянын 2 жолку чемпиону, дүйнөлүк чемпионаттын коло медалынын, Азия Оюндарынын 2 жолку күмүш медалынын ээси, 2000-жылы Сиднейдеги Олимпия оюндарында туу алып жүрүүчү болгон.
Р.К.Санатбаевдин спортту өнүктүрүүдө, Кыргызстанда спорттун айрым
түрлөрүнүн калыптанышында жана чыңдалышында мамлекет менен элдин алдында сиңирген эмгегин, спорттогу чыгаан жетишкендиктерин, эл аралык аренада кыргыз спортуна өкүл болгондугун жана коргогондугун эске алып жана аны мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Раатбек Кылычбекович Санатбаевге "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин берүү менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө (өлгөндөн кийин) өтүнүч менен Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу жасалсын.
Төрага |
А.Келдибеков |