Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 653-V
У.Салиеванын 100 жылдык юбилейин өткөрүү жөнүндө
2010-жылы кыргыз элинин көрүнүктүү кызы жана коомдук ишмери Уркуя Салиеванын туулган күнүнө 100 жыл толду. Ал 1910-жылдын 17-февралында Ош областынын Ноокат районундагы Тактек (азыркы Ынтымак) айылында туулган. 1934-жылдын 4-февралында жырткычтык менен өлтүрүлгөн.
У.Салиеванын ишмердиги эл жана мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин мүчөлүгүнө шайланып, кыргыз аялдарынын ичинен биринчи колхоз төрайымы болгон. У.Салиеванын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын, элдин жана мамлекеттин алдындагы чоң эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2011-жылдын 2-октябрында У.Салиеванын 100 жылдык юбилейин өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана каржы каражаттарын бөлүп берүү менен алардын өткөрүлүшүн камсыз кылсын;
- маданий иш-чараларды, ошондой эле У.Салиеванын өмүрүнө жана ишмердигине арналган телеберүүлөрдү жана кинофильмдерди көрсөтүүнү уюштурсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага |
А.Келдибеков |