Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 654-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өнүгүү стратегиясын жана артыкчылыктарын иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өнүгүү стратегиясын жана артыкчылыктарын иштеп чыгуу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) ар бир депутаттык фракциядан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, эксперттердин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн ичинен түзүлсүн.
2. Комиссия:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өнүгүү стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарын аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өнүгүү стратегиясын жана артыкчылыктарым иштеп чыгууга коомчулуктун катышуусун уюштуруу менен камсыз кылсын;
- иштеп чыгуунун жүрүшүндө келип түшкөн сунуштарды жалпыласын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары киргизилсин:
Р.К.Акназарова
А.Г.Бекматов
К.С.Дыйканбаев - "Республика" депутаттык фракциясынан;
Ы.К.Кадыралиева
Д.Ө.Тербишалиев
Ч.А.Турсунбеков - "КСДП" депутаттык фракциясынан;
Т.Т.Мамытов - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Т.В.Левина
Б.А.Мамырова
К.Осмоналиев - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Т.Балтабаев
Н.В.Никитенко
Ж.Р.Сапарбаев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
Урмат Абдилашимовна Аманбаева - "Республика" депутаттык фракциясынан;
Гүлнара Оморовна Жамгырчиева
Асилбек Шарипович Жээнбеков
Ирина Юрьевна Карамушкина - КСДП депутаттык фракциясынан;
Жылдызкан Айтибаевна Джолдошова
Надира Азимовна Нарматова - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Эркинбек Жумабаевич Алымбеков - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
Төрага |
А.Келдибеков |