КР Жогорку Кеңешинин
2012-жылдын 11-январындагы №1491-V токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 655-V
Депутат З.М.Алымбековду Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын кызматынан чакыртып алуу жөнүндө
Депутат Замирбек Маданбекович Алымбековдун Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП депутаттык фракциясынын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутат З.М.Алымбеков өз арызына ылайык Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын кызматынан чакыртылып алынсын.
2. Депутат З.М.Алымбеков Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү болуп калтырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
А.Келдибеков |