Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июну № 658-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Ташиевди депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын сунуштамасын кароо үчүн депутаттык комиссия түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 234-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевди депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын сунуштамасын кароо үчүн депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
Д.Д.Бекешев
К.А.Талиева - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Э.Б.Иманкожоева -
М.Г.Мадеминов - "КСДП" депутаттык фракциясынан;
Д.А.Жумабеков
К.Э.Осмонов - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
К.С.Дыйканбаев
Т.У.Шайназаров - "Республика" депутаттык фракциясынан;
Р.А.Сабиров
К.С.Самаков - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
Төрага |
А.Келдибеков |