Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-июну №697-V
"Манас" эпосунун училтигин Кыргыз Республикасынын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасынын
тизмесине киргизүү жөнүндө
"Манас" эпосу дүйнөлүк коомчулук тарабынан кыргыз элинин маданий жана руханий мурасы катары эбактан таанылган, мунун аркасында ал Кыргыз Республикасынын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине кирүүгө тийиш. Жогоруда баяндалгандарга негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Манас" эпосунун үчилтигин Кыргыз Республикасынын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине киргизүү боюнча тиешелүү даярдануу чараларын жүзөгө ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасын сактап калуу, коргоо, жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа иштеп чыксын.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Төрөбаев
|