Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-июну №689-V
"Жерүй" кен чыккан жерин пайдалануу укугуна лицензияны мыйзамсыз жокко чыгаруу жөнүндө "Жерүйалтын" жабык акционердик коомунун Башкы директору Франз Шлоссердин кайрылуусун текшерүүнүн натыйжалары тууралуу
Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин 2011-жылдын 11-январындагы чечими менен түзүлгөн "Жерүй" кен чыккан жерин пайдалануу укугуна лицензияны мыйзамсыз жокко чыгаруу жөнүндө "Жерүйалтын" жабык акционердик коомунун (мындан ары - ЖАК) Башкы директору Франз Шлоссердин кайрылуусун текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2006-жылдын 19-июнунда акцияларынын 40 пайызы бар "Кыргызалтын" ААКсы жана акцияларынын 60 пайызы бар "GG Holding" компаниясы уюштуруучулары болгон "Жерүйалтын" ЖАКына № 639 АЕ лицензиясы берилген. Иштин бүткүл мезгилинин ичинде алар тарабынан көрсөтүлгөн кен чыккан жерди өздөштүрүүгө 56,7 млн. АКШ доллары сарпталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 2008-жылдын 23-октябрында "Жерүйалтын" ЖАКы менен № 3 лицензиялык макулдашуу түзүлүп, ага ылайык компания 2010-жылдын 1-ноябрына чейин 200 млн. АКШ доллары суммасындагы капиталдык салымдар болгондо комбинаттын бардык объекттерин долбоорлоо менен курууну аяктоого жана 80 кг алтын өндүрүүгө тийиш болгон.
Бирок 2010-жылдын 1-ноябрына карата бул шарттардын баары мындайга объективдүү себептери жок аткарылбаган бойдон калган.
"Жерүйалтын" ЖАКынын жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду "Жерүйалтын" ЖАКы менен "Жерүйалтын" ЖАКынын акцияларын ишенимдүү башкаруу жөнүндө келишим түзүп, андан кийин кен чыккан жерди өздөштүрүү боюнча бардык иштерди токтоткондугуна шилтеме жасагандыгы эч нерсеге татыбайт. Көрсөтүлгөн келишимде сөз акцияларга менчик укугун өткөрүп берүү жөнүндө болгон эмес, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондуна бүтүм түзүү укугусуз, үчүнчү жактардын алдында акционердин кызыкчылыктарына өкүл болууну, акцияларды баалоо жана мүмкүн болуучу сатып алуучуну издөө боюнча ишти жүргүзүүнү тапшыруу жөнүндө гана сүйлөшүлгөн. Бул келишим кен чыккан жерди түздөн-түз өздөштүрүүгө эч кандай кедерги болгон эмес.
Азыркы убакта "Жерүй" кен чыккан жеринде жумуштар токтотулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дарегине Талас областынын тургундарынан кен чыккан жердеги компаниянын ишинин токтотулгандыгына байланыштуу 400гө жакын адам жумушсуз калгандыгы жөнүндө кайрылуулар келип түшүп жатат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жерүй" кен чыккан жерин пайдалануу укугуна лицензияны жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттери мыйзамдуу деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык анын калыстыгын жана бүдөмүксүздүгүн камсыз кылуу менен "Жерүй" кен чыккан жерин иштетүүчү компанияны аныктоо боюнча тендер өткөрүү;
- "Жерүй" кен чыккан жерин өздөштүрүү жана тезирээк пайдаланууга киргизүү боюнча иштерди тездетүүгө карата зарыл чараларды көрүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине А.Арабаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|