Редакцияот 17.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-июну №711-V

А.Жылкыбаевага юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесинин бөлүгүн ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германия Федеративдүү Республикасында 2010-жылдын 14-майында кайгылуу окуядан курман болгон Кыргыз Республикасынын жараны Кундуз Турсунованын энеси А.Жылкыбаевага ар тараптуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон акча каражаттарын издеп тапсын.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Германия Федеративдүү Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги А.Жылкыбаевага жана анын өкүлдөрүнө ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Д.Д.Бекешев) жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Келдибеков