Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-июну № 715-V
"Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык Коргонуу Уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 16-майындагы № 220 токтом) "Монако шаарында 1966-жылдын 17-октябрында кол коюлган Эл аралык Граждандык Коргонуу Уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Келдибеков
|