Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-июну № 757-V
"Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи жана экинчи окууларда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи жана экинчи окууларда кабыл алынсын.
2. Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Д.А.Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков
|