Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-июну № 762-V
Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларын улуттук мурас деп табуу жөнүндө жана анын элесин түбөлүккө калтыруу тууралуу
Ленин жана СССРдин мамлекеттик сыйлыктарынын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун дүйнөлүк маданиятка, кыргыз адабияты менен искусствосунун өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын, ошондой эле эл жана мамлекет алдындагы өзгөчө сиңирген эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ч.Т.Айтматовдун чыгармалары улуттук мурас деп табылсын.
2. Ч.Т.Айтматовдун өмүрү менен чыгармачылыгын кеңири жайылтуунун жана терең окуп-үйрөнүүнүн аркасында өсүп келе жаткан муундар менен жаштарды адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларын даңазалоо жана жайылтуу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу;
орто жана жогорку билим берүү мекемелериндеги кыргыз жана орус адабиятынын сабактарында Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларын кеңири окуп үйрөнүүнү камсыз кылуу, ошондой эле анын туулган күнүнө карата окуучуларга кийин сыйакы берүү менен жыл сайын сынактарды өткөрүү;
чет өлкөлөрдө Ч.Т.Айтматовдун дүйнөнүн ар кыл тилдеринде бастырып чыгарылган китептеринин нускаларын жыйноо боюнча чараларды көрүү;
Ч.Т.Айтматовдун ысымын Бишкек шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясына жана кийин жазуучунун эстелигин орнотуу менен Жаш Гвардия бульварына ыйгаруу жөнүндө маселени кароо.
3. Ч.Т.Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
4. Т.Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция түзүү;
Ч.Т.Айтматовдун элесин түбөлүккө калтыруунун алкагында төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу:
- жазуучунун чыгармаларынын толук жыйнагын кыргыз жана орус тилдеринде бастырып чыгарууну;
- Ч.Т.Айтматов атындагы адабий борбор түзүүнү;
- Бишкек шаарында мемориалдык үй-музейин түзүүнү;
- жазуучу туулган Талас областынын Шекер айылында чарбак-музей түзүүнү;
- жазуучу жашаган үйдө мемориалдык такта орнотууну;
- Бишкек шаарында жазуучунун эстелигин тургузууну;
- анын ысмын Бишкек шаарынын жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл областтарынын администрациялык борборлорунун көчөлөрүнүн бирине ыйгарууну;
- Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган ар жылдык Окуу күндөрүн өткөрүүнү;
- жазуучунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган даректүү жана көркөм фильмдерди тартууну;
- адабият, кинематография жана театр искусствосу жаатында Ч.Т.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкты уюштурууну.
4. Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Б.Баатырбеков) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргелешип Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин арасында чыгармачылык жаатында Ч.Т.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкты уюштуруу жөнүндө маселеге демилге көтөрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.А.Джолдошова) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А.Келдибеков
|