Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-июну № 796-V
"Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдиктүү кредит келишимин ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 16-июнундагы № 319 токтом) "Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдиктүү кредит келишимин ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчн окууда кабыл алынсын.
2. Республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аны ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоор менен бир мезгилде пайдаланууга киргизүү максатында "Кемин" 500 кВ КСсы менен "Датка - Кемин" 500 кВ ЖЛсын куруу" долбоорун ишке ашыруу үчүн кошумча кредит алуу жөнүндө Кытайдын экспорттук-импорттук банкы менен сүйлөшүүлөрдү шашылыш тартипте аяктасын.
Төрага | А.Келдибеков
|