Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-июну № 798-V
"Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдиктүү кредит келишимин ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 16-июнундагы № 319 токтом) "Астана шаарында 2011-жылдын 13-июнунда кол коюлган Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн зайым алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүл катары көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредитор катары Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы зайым-жеңилдиктүү кредит келишимин ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Келдибеков
|