Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-июну № 802-V
"Андаш" алтын-жез кени чыккан жер жөнүндө
Талас областындагы "Андаш" алтын-жез кени чыккан жерди иштетүү боюнча "Андаш майнинг компани" компаниясы 2004-жылы түзүлгөн. Бир катар жылдардын ичинде бул кен чыккан жерди иштетүү боюнча инвесторлор үч жолу алмашкан.
Кору болжол менен 20 миң тонна алтынды жана 70 миң тонна жезди түзгөн кен чыккан жер 1962-жылы ачылган. Кен чыккан жердин болжолдуу наркы - 600 миллион АКШ доллары.
2009-жылдан тартып "Кентор Голд" австралиялык компаниясы "Андаш майнинг компани" ишканасынын акцияларынын үлүшүнүн 80 пайызына ээ болгон негизги инвестор болуп саналат. Анын акциялары Австралиядагы фонд биржасында жайгаштырылган. Бул кен чыккан жерди иштетүү боюнча долбоор 9 жылга эсептелген.
"Андаш" кен чыккан жери ажайып табиятта жайгашкан Талас шаарынын батыш багытындагы 75 км аралыктагы Көпүрө-Базар айылына (мурдагы Каракол айылы) жакын турат. Кен чыккан жердин калктуу конушка мынчалык жакын тургандыгы жана алтынды кайра иштетүү боюнча өндүрүштүн ачылышы региондун экологиясы менен калктын ден соолугуна терс таасир тийгизери шексиз. Кен чыккан жер коңшу Казакстандын суу каналдарына агып баруучу өзөндүн башатында жайгашкан. Ишкананын жетекчилигинин жергиликтүү тургундардын пикирин эске алууну жана долбоордун экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү каалабагандыгы тургундардын өзгөчө тынчсыздануусун туудурат. Азыркы убакта мындай кепилдиктер жок.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас областындагы "Андаш" кен чыккан жерин иштетүү максатка ылайык эмес деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Талас областындагы "Андаш" кен чыккан жерин иштетүү боюнча бардык иштер токтотулсун;
бул кен чыккан жерди иштетүү боюнча бардык уруксат берүү документтери жана жер участогун бөлүп берүү боюнча уруксат жокко чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.А.Арапбаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|