Редакцияот 30.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-июну № 823-V

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Арапбаев, К.Ж.Рыспаев, М.К.Осмонов, Ж.К.Кудайбергенов, У.С.Чолпонбаев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Келдибеков