Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 834-V
"Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 8-апрелиндеги № 147 токтом) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Д.А.Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков
|