Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 837-V
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (С.Н.Жапаров) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Келдибеков
|