Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 860-V
"Кыргыз Республикасынын 2008-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 15-майындагы № 291 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2008-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аларды каржылоо 2009-жылдын январында жүргүзүлгөн корголгон беренелер боюнча 654,3 млн. сом суммадагы 2008-жылдын бюджеттик каражаттарын каржылабагандык боюнча, ошондой эле 2008-жылдагы бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары боюнча корголбогон чыгашаларды каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын аракеттеринин укукка жатарлыгын карасын.
Төрага | А.Келдибеков
|