Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 867-V
"Кыргыз Республикасынын карызын топтоштуруу жөнүндө Париж Клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоколун аткаруу үчүн Анкара шаарында 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүл болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосундагы карызды кайра түзүмдөштүрүү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Анкара шаарында 2010-жылдын 23-февралында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 31-майындагы № 271 токтом) "Кыргыз Республикасынын карызын топтоштуруу жөнүндө Париж Клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоколун аткаруу үчүн Анкара шаарында 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өкүл болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосундагы карызды кайра түзүмдөштүрүү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө Анкара шаарында 2010-жылдын 23-февралында кол коюлган макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Келдибеков
|