Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 887-V
"2011-жылдын 13-январындагы № 98-V "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010-2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 88 токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө
"2011-жылдын 13-январындагы № 98-V "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010-2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 88 токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика министри А.А.Шадиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда көрсөтүлгөн токтомун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, мамлекеттик бийликтин жана өз алдынча башкаруунун жергиликтүү органдары тарабынан белгилүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт.
Ошону менен бирге токтомдун төмөнкү негизги пункттары азыркы убакка чейин аткарылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтому менен "Кыргызгаз" ААКсына 237 млн. сом суммасында бюджеттик субсидия бөлүнүп берилген. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык бул суммадан иш жүзүндө 145 млн. сом бөлүнүп берилген. Калган 92 млн. сом сумма Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бүгүнкү күнгө чейин бөлүнүп 11 бериле элек.
Ошол эле убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 41 тескемеси менен "Кыргызгаз" ААКсына тындыруу мөөнөтү 2010-жылдын 11-октябрына чейинки мөөнөт менен 143,0 млн. сом өлчөмүндө пайызсыз ссуда бөлүнүп берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ал ссуданы республиканын мамлекеттик бюджетине кайтарып алуу боюнча чаралар көрүлгөн эмес.
"Кыргызгаз" ААКсынаа азыркы убакта татаал каржылык кырдаал түзүлгөн. 2011-жылдын 1-апрелине карата дебитордук карыз 797,584 млн. сомду, кредитордук карыз 1680,73 млн. сомду түзүп, алардын ичинен 2007 - 2010-жылдарда алынган кредиттер менен ссудалар үчүн республиканын бюджетинин алдындагы карыз 802 млн. сомду түзөт.
Карыздын өсүшү негизинен төмөнкү себеп боюнча болгон. Жаратылыш газына баа боюнча Өзбекстан менен саясий сүйлөшүүлөр 2000-жылга чейин Президенттердин деңгээлинде жүргүзүлүп келген. 2007-жылдан тартып импорттолуучу жаратылыш газына бааларды аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр "Кыргызгаз" ААКсынын жетекчилигинин деңгээлине чейин төмөндөтүлүп, ал тарабынан газга сатып алуу баалары такай жогорулатылып турган. Кыргызстан үчүн эң ыңгайсыз Макулдашууга 2009-жылдын декабрында кол коюлуп, ал боюнча газдын баасы Европалык формула боюнча аныкталган.
Бул формула Европанын шарттарында колдонулат, аны Кыргыз Республикасынын шарттары менен таптакыр салыштырып болбойт. Ал эсептешүүлөрдө негиз катары мазуттун жана газойлдун наркы Европалык Роттердам биржасынын баалары боюнча алынат. Биринчиден, Кыргызстандын шарттарында жаратылыш газын алмаштыруучу отундун түрлөрү Европадагыдай газойль жана мазут эмес, отун, көмүр жана электр энергиясы болуп саналат. Экинчиден, Борбордук Азияда жана Кыргызстанда калыптанган отун-энергетика ресурстарына баалар жана алардын динамикасы Роттердам биржасынын маалыматтарына таптакыр ылайык келбейт. Мына ушуга байланыштуу жогоруда аталган формула Кыргызстанга карата жаратылыш газы үчүн эсептешүүлөрдө колдонулбоого тийиш. Бул формуланы колдонуу жаратылыш газына сатып алуу бааларынын 2008-жылдагы 1000 куб.м жаратылыш газы үчүн АКШнын 145 долларынан азыркы убактагы АКШнын 243,98 долларына чейин кескин өсүп кетишине алып келди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун 2-пунктунун он бешинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010-2011-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен каралган Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасына 2011-жылда "Кара-Кече" көмүр кенинин "Центральный" участогун андан ары өздөштүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин жана техникалык-экономикалык эсебин иштеп чыгуу боюнча ишти уюштуруу үчүн бюджеттик ссуда түрүндө 50 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө" маселени чечүү тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматынан бюджеттин тартыштыгынын олуттуу өсүшү социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине мугалимдерге, врачтарга эмгек акыны жогорулатууга, күзгү-кышкы мезгилди өткөрүү боюнча иш-чараларды, азык-түлүк коопсуздугун, коомдук тартипти, ремонттоо-калыбына келтирүү жумуштарын каржылоону камсыз кылууга байланыштуу болгондугу, ошондой эле заем алган ишканалардын, анын ичинде көмүр тармагынын ишканаларынын да (2011-жылдын 1-январына көмүр ишканаларынын карыздары 293,9 млн. сомду түзгөн) төлөбөй койгондуктары жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасына бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүк бербегендигинен келип чыгат. Көмүр ишканаларынын ишинин көрсөткүчтөрүн талдоо бюджеттик каражаттарды натыйжасыз пайдаланылгандыгына күбө болот. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан бюджеттик каражаттарды пайдаланууда тартип бузуулар - аларды максатсыз жана натыйжасыз пайдалануу белгиленген.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасына өзүнүн жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн ички резервдерди мобилизациялоо жана кредит алуу үчүн банк мекемелерине кайрылуу керек деп эсептейт.
Токтомдун 2-пунктунун он экинчи жана он төртүнчү абзацтары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылган:
"- Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүрдү Кыргыз Республикасынын көмүр кендеринен алып келүү:
а) 2011-2012-жылдын жылытуу мезгилинде 400000 тонна көлөмүндө;
б) 2013-жылга карата толук көлөмдө камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
- республиканын түштүгүнүн жабыр тарткан райондору үчүн өзгөчө жардамды ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан энергетика секторуна бөлүнүп берилүүчү 35 млн. АКШ долларынан республиканын түштүгүнүн көмүр кендеринин көмүрүнө которуу максатында Ош шаарынын ЖЭБин реконструкциялоого зарыл болгон каражаттарды багыттоо.".
Токтомдун 2-пунктунун бул абзацтары да аткарылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2011-жылдын 18-февралындагы № 06-4/801 маалыматынан Бишкек ЖЭБинин от казандары Өзбекстандан алынган газды жана Казакстандан алынган төмөнкү сорттогу таш көмүрлөрдү жагууга эсептелгендиги келип чыгат. Бирок Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2011-жылдын 18-январындагы № 8 буйругу менен түзүлгөн Бишкек ЖЭБин кыргыз көмүрлөрүн пайдаланууга которуу боюнча комиссия Бишкек шаарынын ЖЭБинин от казандарында кабактык күрөң көмүрдү жагуу принцибинде мүмкүн деп белгилеген. Бирок бул үчүн от казандарын реконструкциялоо жана көмүрдүн күйүү процессин колдоп туруу үчүн пайдаланылуучу жаратылыш газы менен мазутту чыгымдоону көбөйтүү талап кылынат. Бул максаттарга чыгымдар импорттолуучу көмүрдөн жергиликтүү көмүргө өтүүнүн экономикалык натыйжасынан ашып түшөт.
Эсептөөлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жергиликтүү көмүрдү керектөөнү 2010-жылдагы 89,68 миң тоннадан 2011 - 2012-жылдарда 150000 тоннага чейин көбөйтүү алгылыктуу вариант деп эсептейт.
"Электр станциялар" ААКсына техникалык-экономикалык эсептер боюнча мүмкүн болбогон Ош ЖЭБин көмүргө которуунун ордуна бул маселени чечүүнүн бир нече варианты сунуш кылынган, анын ичинде:
- шаардын батыш бөлүгүндө жаңы ЖЭБ куруу;
- шаардын батыш бөлүгүн жылуулук менен жабдуу үчүн муниципалдык отканалардын тармагын түзүү. Бирок бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айкын чечим кабыл алынган эмес.
Токтомдун 2-пунктунун он жетинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылган:
- бийик тоонун оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жана алыскы барууга кыйып зоналарда жашаган адамдарга керектөөнүн төмөнкү ченемдеринин чектеринде турмуш-тиричилик муктаждыктарына акысыз электр энергиясын камсыз кылуу боюнча жеңилдиктерди кароо:
- жайкы убакта - айына 50 кВт/с көлөмүндөгү электр энергиясын;
- кышкы убакта - айына 100 кВт/с көлөмүндөгү электр энергиясын.".
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2011-жылдын 13-апрелиндеги № 02/1734 маалыматына ылайык, бийик тоолордун жана оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттары менен алыскы барууга кыйын зоналарында жана чек арага жамаатташ жаткан райондордо жашаган 156983 абонент үчүн 2011-жылга компенсация 112,1 млн. сомду түзөт. Бул максаттарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү казыначылыктарга 104 млн. сом бөлүнүп берилип, алар акчаларды бөлүштүрүүчү электр компаниялардын транзиттик эсептерине которууга тийиш болгон. Бирок бөлүнүп берилген каражаттардын негизги бөлүгү жергиликтүү казыначылыктар тарабынан азыркы убакка чейин бөлүштүрүүчү электр компанияларынын транзиттик эсептерине которула элек. Алсак, "Чыгышэлектро" ААКсынын Нарын филиалы боюнча Ак-Талаадагыдан тышкары бардык РЭТтерге акча каражаттары келип түшкөн эмес. "Ошэлектро" ААКсы боюнча акча каражаттары Сүлүктүнүн, Баткендин, Лейлектин, Кадамжайдын, Аравандын, Кара-Суунун, Ноокаттын, Өзгөндүн жана Чоң-Алайдын РЭТтерине келип түшкөн эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 13-январындагы № 98-V токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика министри А.А.Шадиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтому менен каралган 237 млн. сом суммасындагы бюджеттик субсидиядан бөлүнүп берилбей калган 92 млн. сом сумманы "Кыргызгаз" ААКсына каржылоону камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 41 тескемеси менен "Кыргызгаз" ААКсына тындыруу мөөнөтү 2010-жылдын 11-октябрына чейин болгон 143,0 млн. сом өлчөмүндөгү пайызсыз ссуданы республиканын мамлекеттик бюджетине кайтарып алууну камсыз кылсын;
- жаратылыш газына сатып алуу бааларын аныктоо үчүн европалык формуланы алып салуу боюнча "Узтрансгаз" АКсы менен макулдашууну кайра кароо боюнча чараларды көрсүн;
- 2011-2012-жылдардын жылытуу мезгилинде Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүр жөнөтүүлөрүн Кыргыз Республикасынын көмүр кендеринен жана андан ары 150000 тонна көлөмүндө (алардын ичинен 110 миң тонна Кара-Кече жана 40 миң тонна Таш-Көмүр кендеринен) камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- жергиликтүү көмүрдү пайдаланууга жана ата мекендик көмүр казып алуучу ишканаларды өнүктүрүүгө багыт алуу менен Ош шаарын жылуулук менен камсыз кылуунун программасын иштеп чыксын;
- бийик тоонун оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналар менен чек арага жамаатташ райондордо жашаган абоненттер үчүн бөлүштүрүүчү электр компанияларынын транзиттик эсептерине бөлүнүп берилген каражаттарды которуу маселесин чечүүнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырсын;
- ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2011-жылдын 15-сентябрына карата маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.А.Арапбаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|