ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 891-V «Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө» токтому

Редакция30.06.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-июну № 891-V

Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору жөнүндө

Коомду баш коштурууну, улуттук биримдикти камсыз кылуу, мамлекеттүүлүктү, өлкөнүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана өнүгүшүн чыңдоого багытталган этностор жана конфессиялар ортосундагы мамилелерди түзүү жана башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматова тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын мамлекеттик концепциясынын долбоору негиз катары кабыл алынсын.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн Концепциянын долбоорун Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы тарабынан киргизилген "Мекеним Кыргызстан" Кыргыз Республикасынын этностук саясатынын жана коомду баш коштуруусунун концепциясынын долбоорун эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү жана биротоло вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Нарматовага тапшырылсын.

 

Төрага

А.Келдибеков