Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 893-V
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 12-майында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлдөрү менен макулдашылган редакцияда кабыл алынсын.
Төрага | А.Келдибеков
|