Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну №921-V
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде 2010-жылдагы жана 2011-жылдын I кварталындагы кызматтык тартиптин жана кадр маселелеринин абалын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде 2010-жылдагы жана 2011-жылдын I кварталындагы кызматтык тартиптин жана кадр маселелеринин абалын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жумушчу топтун маалыматын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде 2010-жылдагы жана 2011-жылдын I кварталындагы кызматтык тартиптин жана кадр маселелеринин абалын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жумушчу топтун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрлар жана Ички коопсуздук кызматынын башкы башкармалыктарынын 2010-жылдагы жана 2011-жылдын I кварталындагы иши жетишсиз деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2010-жылдагы жана 2011-жылдын I кварталындагы кызматтык тартип жана кадр маселелеринде кемчиликтерге жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Б.М.Алымбеков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкы башкармалыгынын зардалы Н.А.Касымбаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук кызматы башкы башкармалыгынын зардалы А.А.Рахманов, Чүй областынын Ички иштер башкы башкармалыгынын зардалы Б.Б.Жусубалиев, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын зардалы К.Т.Батырканов тарабынан өксүктөргө жол берилген деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгынын өндүрүшүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Султановдун үйүнүн короосунда граната жарылышынын фактысы боюнча № 082-11-0058 жазык ишин тергөөнүн жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полиция мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын өндүрүшүндөгү Р.Бадаловага карата № 95-11-517 жазык ишин тергөөнүн жүрүшүнө көзөмөлдү жүзөгө ашырсын;
- Чүй областынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгында орун алган мыйзамдарды бузуунун жана кызматкерлерди мурда ээлеген кызматына калыбына келтирүү боюнча соттун күчүнө кирген чечимдерин аткарбоонун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадрлар резервиндеги кызматкерлерге акча төлөмдөрүн белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөп бербөөнүн фактыларына укуктук баа берсин;
- жүргүзүлгөн иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.А.Султановдун үйүнүн короосунда граната жарылышынын фактысы боюнча кылмыштын бетин ачуу, №082-11-0058 жазык ишин сот органдарына берүү жана кылмышкерди жоопко тартуу үчүн изин суутпай издөө ишин күчөтсүн жана жасалган иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
6. Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун ишине тоскоолдук кылгандык, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жана кызматкерлерди мурда ээлеген кызматына калыбына келтирүү боюнча соттун күчүнө кирген чечимдерин аткарбагандык, аларга акчалай төлөмдөрдү белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөбөгөндүк жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин резервиндеги кызматкерлерди мурда ээлеген кызматтары менен атайын наамдарын эске албастан кызматка дайындагандык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 480 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана зардалдык курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун талаптарын одоно бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиевди, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары Б.М.Алымбековду ээлеген кызматынан четтетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
7. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинде 2010-жылдагы жана 2011-жылдын I кварталындагы кызматтык тартиптин жана кадр маселелеринин абалын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты укуктук баа берүү жана кароонун натыйжалары жөнүндө бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков) жүктөлсүн.
Төрага | А.Келдибеков
|