Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 774-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 8-июлу №938-V

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлансын:

Алмаз Турдакунович Асаналиев;

Гульнара Маришовна Баатырова.

2. Төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары ырасталсын:

2011-жылдын 24-июнунда шайланган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү:

Канатбек Азизович Абдукадыровдун;

Туйгуналы Дүйшөналиевич Абдыраимовдун;

Нурмамат Ашимович Ашимовдун;

Абдысамат Жылтырович Баялиновдун;

Рашид Бердибаевич Бекбасаровдун;

Гүлнара Курашбековна Журабаеванын;

Ишенбай Дюшенбиевич Кадырбековдун;

Айнура Тбктогуловна Шайымкулованын.

2011-жылдын 30-июнунда шайланган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү:

Жеңишбек Аманбекович Акматовдун;

Жаркын Базановна Бапанованын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.

  

Төрага

Ч. Турсунбеков