Редакцияот 15.08.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 15-августу № 950-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайлансын:

Эмиль Жолдошевич Осконбаев;

Клара Сыргакбековна Сооронкулова.

2. Ушул токтом кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Төрага

А.Келдибеков