Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-сентябры № 976-V
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиевдин маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министри З.К.Рысалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин күйүүчү-майлоочу материалдарды республиканын чегинен мыйзамсыз чыгарып кетүүгө бөгөт коюу боюнча ишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 9-сентябрындагы жыйналышында депутаттар тарабынан көтөрүлгөн Ички иштер министрлигинин тутуму боюнча кадрлык жана башка маселелерди бир жумалык мөөнөттө иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков), ошондой эле Коргоо жана коопсуздук боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (И.И.Исаков) тапшырылсын.
Төрага | А.Келдибеков
|