Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-сентябры № 987-V
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети менен Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Дисциплинардык жаза чарасы жосун жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилип колдонулушу мүмкүн эместигин эске алып, К.А.Момбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарынын жана судьясынын жана О.Сыдыковду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралышынын өз учурунда экендиги жөнүндө, ошондой эле өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 10 судьясын кызмат ордунан четтетүүнүн укукка жатарлыгы менен негиздүүлүгү жана алардын талапкерликтеринин Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан каралышынын мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелерди иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети менен Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине тапшырылсын.
Төрага | А.Келдибеков
|