Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры № 1019-V
"Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк улуттук бирикмесинин ведомстволук караштуулугун жана каржылык ишин текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүк улуттук бирикмесинин ведомстволук караштуулугун жана каржылык ишин текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
К.Ж.Рыспаев
К.Т.Туманов - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Ы.К.Кадыралиева
Д.А.Ниязалиева - КСДП депутаттык фракциясынан;
М.К.Осмонов
А.Ж.Эшимов - "Республика" депутаттык фракциясынан;
Калмаматов Б.
Мадылбеков Т. - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
Б.И.Сулейманов
А.Э.Суракматов - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан.
2. Комиссия өз ишине зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын тартсын.
Төраганын орун басары Б.Мамырова
|
|