Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-сентябры №1020-V
"Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун I биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 17-июнундагы №328 токтом) "Ташкент шаарында 2010-жылдын 11-июнунда кол коюлган Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Шаңхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары Б.Мамырова