Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-сентябры № 1041-V
К.К.Акназарованы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Калима Корчубековна Акназарованы өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаеванын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74, 76-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Калима Корчубековна Акназарова өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |