Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-сентябры № 1069-V
Дүйнөдөгү ядролук куралсыздануу жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо процессиндеги дүйнөлүк лидерлиги үчүн 2012-жылдын Тынчтык Нобель сыйлыгын алууга Казакстан Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаевди көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.К.Келдибековдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.К.Келдибековдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дүйнөдөгү ядролук куралсыздануу жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо процессиндеги дүйнөлүк лидерлиги үчүн 2012-жылдын Тынчтык Нобель сыйлыгын алууга Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевди көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.К.Келдибековдун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу жактырылсын.
2. Кайрылуу Норвегия Королдугунун Стортингине (Парламентине) жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |
Бардык ак ниет адамдарга, дүйнөдөгү тынчтыктын бардык
тарапкерлерине, Нобель сыйлыгынын лауреаттарына, өкмөттөргө,
парламенттерге жана коомдук уюмдарга, окумуштууларга,
илимдин ишмерлерине, согуштардын ардагерлерине, өлкөлөрдүн
тынчтык демилгелеринин активдүү тарапкерлери болуп
саналган иштеп жаткан жетекчилерине
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин депутаттарынын
КАЙРЫЛУУСУ
Биз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, 2012-жылда Тынчтыктын Нобель сыйлыгын алууга дүйнөдөгү ядролук куралсыздануу жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо процессинин лидерлеринин бири Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин талапкерлигин көрсөткөндүгүбүз жөнүндө билдиргибиз келет.
Өз өлкөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында башка өлкөлөрдүн коопсуздугун бузган адам мамлекет башчысы болуп шайлана албайт жана шайланууга тийиш эмес. Бардык мамлекеттердин башчылары тынчтык ишине көмөктөшүүнү планетанын ар бир тургунунун жеке кредосуна айландырууга милдеттүү.
Дал ушундай тактика Казакстан мамлекетинин ички саясатынын негизи жана анын башчысы Нурсултан Абишевич Назарбаевдин эл аралык мамилелеринин стратегиясы болуп калды.
Дүйнөдөгү эң ири Семипалатинск ядролук полигонун жабуу - куралсыздануунун тарыхындагы салыштыргыс кадам.
"Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев эң маанилүү стратегиялык чечим кабыл алды жана анын Борбордук Азияда ядролук куралдан эркин зонаны түзүү жана ядролук сыноолорду токтотуу боюнча демилгелери өтө өз убагында жана актуалдуу болду, - деп билдирген БУУнун Башкы катчысынын орун басары Линн Паскоу. Биз Казакстандын Президентинин ядролук куралдарга каршы демилгелери сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө иштеп жаткандыгына ынандык".
29-август - Семипалатинск ядролук полигонун жабуу күнү, Н.А.Назарбаевдин демилгеси боюнча жана БУУнун колдоосу менен Ядролук сыноолорго каршы аракеттердин эл аралык күнү деп жарыяланган.
Көз карандысыз Казакстандын 20 жылдык эгемендүүлүгү өлкө тынчтыкты камсыз кылуу ишинде өлкөлөрдүн кызматташуусу боюнча аянтча болуп калгандыгы менен маалим болду.
"Миң жылдыктар: Жыйынтыктар жана Келечектер" глобалдык форумунун БУУнун эгидасы астында Казакстанда өткөрүлүшү Назарбаевдин инсанына азиялык өлкөлөрдүн жетекчилеринин гана эмес, батыштык мамлекеттердин лидерлеринин да ишеними жөнүндө айтып турат!
Ядролук куралсыз дүйнөнүн жалпыга бирдей декларациясын кабыл алуу - биздин планетада тынчтыкты орнотуу ишиндеги Президент Назарбаев тарабынан иштелип чыгып жаткан кийинки кадам.
Өлкө жарандык согуштун кырында турган 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууда чечүүчү роль Президент Назарбаевге таандык болду.
2010-жылы Алматыда Назарбаев тарабынан чакырылган Кыргызстанга экономикалык жардам көрсөтүү боюнча донор өлкөлөрдүн эл аралык конференциясы биздин өлкөдөгү экономикалык туңгуюктун алдын алууга көмөк болду.
Бүткүл Кыргызстандын эли, өлкөнүн саясий элитасы, Жогорку Кеңештин депутаттары бул баа жеткис жардамы үчүн Нурсултан Абишевичке жана анын атынан Казакстан Республикасына ыраазычылык билдирет.
Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин аракеттери жана анын тынчтыкта биргелешип жашоого программалык көрсөтмөсү, бардык өлкөлөр менен өз ара сый мамилелерди түзүү боюнча иш жүзүндөгү кадамдары, көп векторлуу тышкы саясаты, улуттар аралык жана конфессиялар аралык мамилелерди шайкеш келтирүүсү, анын КМШдагы көп сандаган интеграциялык демилгелери Назарбаевге татыктуу бедел алып келди жана аны бүткүл дүйнөгө белгилүү саясатчы кылды.
Муну эске алып, ядролук куралсыздануудагы эң көрүнүктүү эмгеги үчүн, Жерде тынчтыкты камсыз кылуу боюнча ишмердиги үчүн 2012-жылдын Тынчтыктын Нобель сыйлыгын Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевге ыйгаруу жөнүндө сунушту киргизебиз жана биздин демилгебизди колдоп коюуну өтүнөбүз.
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин 2011-жылдын 29-сентябрындагы
жыйналышында кабыл алынган