Редакцияот 30,09,2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 30-сентябры № 1089-V

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин төрагасы Ш.Ю.Майчиевдин маалыматы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан жасалган иш жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан белгилүү иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт.

Ошону менен бирге Судьяларды тандоо боюнча кеңештин ишинде олуттуу кемчиликтер, колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын аткарбоо бар. Алсак, 2010-жылдын 27-июнунда Кыргызстандын эли референдумда өлкөдөгү сот реформасы бир эле убакта мыйзамдарды реформалоону жана Кыргыз Республикасынын бүткүл сот тутумунун курамын жаңыртууну да каалоосун билдирген. Көрсөтүлгөн маселени чечүү жана мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү үчүн Жогорку Кеңеш коомчулукту, өкмөттүк эмес уюмдарды, Европанын Венеция Комиссиясын жана ЕБнын, АКШнын башка донорлору менен эксперттерин кеңири тартуу менен чоң иш жүргүзгөн, кызуу талкуулоолордон кийин "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынып, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2011-жылдын 8-июлунда Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамы бекитилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен материалдык каражаттарды жана башкаларды бөлүп берүү жөнүндө Өкмөткө тапшырма берилген.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан 2011-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат орундарына он бир талапкерлик жана Жогорку соттун судьяларынын кызмат орундарына жыйырма тогуз талапкерлик тандалып алынган жана жиберилген.

Бирок, бүгүнкү күнгө карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы түзүлө элек. Кыргыз Республикасында конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу орган жок. Ушуга карабастан сунушталган он бир талапкерликтин ичинен Кыргыз Республикасынын Президенти андайга конституциялык ыйгарым укуктары жок туруп, сегиз талапкерликти мыйзамсыз кайтарып берген жана шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үч талапкерликке сунуштама киргизген. Ошондой эле судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан тандалып алынган жана Президентке сунушталган 29 талапкерликтин ичинен 14 талапкерге гана Жогорку соттун судьяларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама берилген, ал эми башка талапкерлерге карата Президент тарабынан мыйзамсыз түзүлгөн комиссиянын корутундусу боюнча материалдар Судьяларды тандоо боюнча кеңешке мыйзамсыз кайтарылып берилген. "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-бөлүгүндө Президент өз чечимин жүйөлөштүрүү менен берилген талапкерлик боюнча материалдарды кеңешке кайтарып берүүгө укуктуу деп белгиленген. Бирок, бул ченем "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына каршы келет, анда Президентке мындай укуктар берилген эмес. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык юридикалык күчүнүн даражасы боюнча ченемдик укуктук актылар төмөнкүдөй тепкичте жайгаштырылат: Конституция, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүчү мыйзам; конституциялык мыйзам; кодекс; мыйзам. Мына ошентип, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын демейдеги Мыйзамына салыштыруу боюнча даражасы эки тепкичке жогору турат. Мына ошондуктан, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн күчүнөн ченемдик укуктук акт өзүнө салыштырганда кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбөөгө тийиш жана каршы келген учурда кыйла жогорку даражасы бар мыйзам колдонулат, б.а. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонулат.

Конституциянын 64-беренесинде Президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын жана Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерге карата конкурс өткөрүү жана алар боюнча материалдарды кайтарып берүү боюнча ыйгарым укуктары каралган эмес. Ал аз келгенсип, ошол эле берененин 11-бөлүгүндө Президент Конституция менен түздөн-түз каралган ыйгарым укуктарды гана жүзөгө ашырары көрсөтүлгөн. Мындай жагдайларда Президенттин Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген ыйгарым укуктарын эч бир мыйзам кеңейтиши мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын эки судьясы шайланган. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын Конституциялык палатанын толук курамы көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн кийин алтымыш күндөн кечиктирбестен түзүлүүгө тийиш деп айтылган 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдерин сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бардык чаралар көрүлгөн. Алсак, көрсөтүлгөн ченемди ишке ашыруу үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан өргүү мезгилинде эки жолу кезексиз сессия чакырылып, депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын кароого жана шайлоого даяр болгон. Кыргыз Республикасынын Президенти андайга укугу жок туруп, мурда Жогорку Кеңешке киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орундарына шайлануу үчүн сунушталган он төрт талапкерликти мыйзамсыз чакыртып алган.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сот адилеттигин толук эмес курамда жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун отуз беш судьясынын ичинен тогуз судья бүгүнкү күнгө чейин ээлеген кызмат орундарынан Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети менен четтетилген, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга болгону эки судья сунушталган, бир нече судья Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган эмес жана ант бербеген, Жогорку соттун үч судьясынын кызмат орду бош турган болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укугу бар жыйырмага жетпеген судьялары иш жүзүндө иштөөдө.

Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын талабына ылайык жаңы судьяларды шайлоонун жана дайындоонун жардамы менен сот тутумун реформалоо бүгүнкү күндө создуктурулуп, бузуку күчтөр тарабынан ар кандай түрдөгү жасалма тоскоолдуктар түзүлүүдө.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык сот тутумунун ишин жөнгө салуучу алтынчы бөлүмүнүн жоболору жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып күчүнө кирет. Конституциянын 6-беренесинин күчү менен ал жогорку юридикалык күчкө ээ жана түздөн-түз колдонулат.

Республиканын Жогорку сотунун эски курамы тарабынан чыгарылган чечимдерге шектенүү менен карап, жарандар жана уюмдар Жогорку Кеңешке кайрылууда. Алсак, мындай маселелер менен Жогорку Кеңешке "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Ч.Джакупова, адвокат Ч.Темирбаева кайрылган, ошондой эле башка жарандардын кайрылуулары бар.

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Жогорку соттун судьясынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирбестен конкурс жарыялайт. "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Жогорку соттун судьялары өз ыйгарым укуктарын жаңы Конституцияга ылайык жаңы судьялар шайланганга жана дайындалганга чейин сактап калат.

Көрсөтүлгөн маселе Судьяларды тандоо боюнча кеңештин жыйналышынын күн тартибинде биринчи кезекте турууга тийиш экендигине карабастан, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат орундарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерликтер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери бир айдан ашык себепсиз каралбай жатат. "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттордун судьяларынын бош турган кызмат орундарына талапкерликтерди тандоо Кеңештин негизги милдети болуп саналат. Кеңеш тарабынан өзүнө жүктөлгөн милдеттер тиешелүү түрдө аткарылбай жаткандыгын белгилей кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту түзүлө элек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мыйзам менен каралган 60 күндүк мөөнөттө түзүлгөн эмес.

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин төрагасы Ш.Ю.Майчиевдин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш токтоосуз, 2011-жылдын 7-октябрынан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат орундарына талапкерликтер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерликтер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери боюнча колдонуудагы "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына так ылайык карасын жана чечим кабыл алсын. Көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселени мыйзамга ылайык карасын.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Келдибеков