Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-октябры № 1099-V
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 2-сентябрындагы № 420 тескемеси менен түзүлгөн Күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып кетүүгө бөгөт коюу боюнча координациялык штабдын иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 2-сентябрындагы № 420 тескемеси менен түзүлгөн Күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып кетүүгө бөгөт коюу боюнча координациялык штабдын Баткен областынын ишкердик субъекттеринин ишине аракеттенген мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүнүн фактыларына карата иши, ошондой эле координациялык штабдын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 57-статьясынын жоболорун бузган аракеттери жөнүндө маалыматты угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып кетүүгө бөгөт коюу боюнча координациялык штабдын иши жөнүндө маалымат эске алынсын.
2. Баткен областынын аймагына КММнын ички жөнөтүүлөрүн жүзөгө ашырган ишкердик субъекттеринин ишине кийлигишүүнүн жол берилбестиги Күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып кетүүгө бөгөт коюу боюнча координациялык штабга көрсөтүлсүн.
Күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып кетүүгө бөгөт коюу боюнча ишти координациялык штаб түздөн-түз Кыргыз Республикасынын чек арасында жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 2-сентябрындагы № 420 тескемесинин ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
4. Ишкердик субъекттеринин укуктарын бузган кызмат адамдарына эскертүү чыгаруу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына сунушталсын.
Ишкердик субъекттеринин укуктары кайталап бузулганда кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жазык же администрациялык тартипте каралсын.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын сакталбагандыгы үчүн райондук жана областтык прокурорлордун жоопкерчилигин карасын.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып кетүүгө бөгөт коюу боюнча координациялык штабга жиберилсин.
7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |