Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-октябры № 1100-V
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |