Сравнение редакций…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2000-жылдын 28-февралы № 103
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
8-сентябрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик
салык инспекциясынын маселелери" токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык
инспекциясынын салыктарды жана бюджетке төлөмдөрдү чогултуун у көбөйтүү жана
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын аткарууну камсыз кылуу
боюнча ишмердигин андан ары өркүндөтүү максатында, ошондой эле кылмыштардын
жана укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо ишин тийиштүү түрдө уюштуруу-
нун зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-сентябрындагы № 585
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык
инспекциясынын маселелери" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттагы "156" деген сан "186" деген санга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик
салык инспекциясынын кызмат орундарынын саны областтардагы салык инспекцияларын
жана Бишкек шаарынын салык инспекциясын кыскартуунун эсебинен, бекитилген сме-
танын жана кызмат орундарынын санынын чегинде көбөйтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Муралиев