Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 1138-V
"Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аларды жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдөгү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара аракеттенүүчү чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 11-августундагы № 464 токтом) "Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аларды жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдөгү Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин өз ара аракеттенүүчү чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков |