Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 1141-V
"Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга Кошумча Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 7-июлундагы № 374 токтом) "Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга Кошумча Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага |
А.Келдибеков |