Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 1150-V
Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 23-августундагы № 483 токтом) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алып,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, прокуратура органдарынын жана ишке тиешеси бар башка мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө келип түшкөн мыйзам долбоорлорун кароо жана жалпылоо боюнча жумушчу топ түзүү жана жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Т.Мадылбеков) жана Сот-укук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (С.Н.Жапаров) тапшырылсын.
Төрага |
А.Келдибеков |