Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры № 1157-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү тууралуу" ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Н.В.Никитенко тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү тууралуу" ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Ж.А.Джолдошова) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага |
А.Келдибеков |