Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-октябры № 1165-V
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Фискалдык жана акча-кредиттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.Т.Сулайманов) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров, Э.Б.Жумалиева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусун эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылган редакциясын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага |
А.Келдибеков |