Редакцияот 14.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 14-октябры № 1181-V

2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

токтомдун № 2 тиркемесинин 8-пункту "Бешинчи канал" ЖАКын" деген сөздөрдөн кийин "жана "Глобал Медиа" ЖЧКсын" деген сөздөр менен толукталсын.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Бешинчи канал" ЖАКын парламенттик каналга кайра түзүү менен байланышкан укуктук, каржылык, техникалык жана башка маселелерди чечип, кошуу жолу менен "Глобал Медиа" ЖЧКсын жана "Бешинчи канал" ЖАКын кайра уюштурууну жүргүзсүн.

 

 

Төрага

 

А.Келдибеков