Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-октябры № 1183-V
"Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 23-сентябрындагы № 602 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2011-жылга республикалык бюджеттин биринчи окууда белгиленген параметрлеринин чектериндеги чыгымдардын ведомстволук жана экономикалык классификациясы боюнча Мыйзам долбоорунун тиешелүү тиркемелерине түзөтүүлөр киргизүү менен экинчи окууда кабыл алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик органдар тарабынан юбилейлик иш-чараларды майрамдоо үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүүгө тыюу салуу киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
Төрага |
А.Келдибеков |